Чүй облусунун Ысык-Ата районуна карштуу Туз айылынан Кант шаарына бара жаткан айдоочу, аталган катамдагы жол көйгөйүн айтып, "Элдик репортер" рубрикасына видео жөнөткөн. Автордун айтымында бул жолдогу чаңдан жүрүүгө такыр мүмкүн болбой калган. Күнүнө 200-300 чоң жүк ташуучу машинелер өткөндүктөн, асфальт чөгүп, жол чаң топуракка айланган. Бир жарым чакырымга созулган аталган жол аң-дөң болуп, четиндеги бактар чаңдан бозоруп, куурай баштагандыгын, акыркы 5 жылда жол такыр оңдолбогондугун айтып кайрылган видеонун автору маселеге көңүл бурууну сурайт.
Экологиялык талаптар аткарылып, жолдун оңдолушуна себепкер болуп калабы деген үмүттө көйгөйдү теле аркылуу көрсөтүүнү суранат.
Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.