Элдик репортер: Ош-Араван жолундагы жаңы төшөлгөн асфальт четинен бузула баштады
Новость KTRK/videograp

Быйылкы оңдоодон өткөн айрым жолдордун сапаты көпчүлүктүн купулуна толо алган жок. Анткени айрым тургундар асфальттын технологияга жооп бербеген шартта төшөлүп жатканына күбө болушса, дагы бир жерлери четинен бузула баштаган.

Ал эми сапатсыз, оңдолду деген аты гана калган  жолдордун арасында Ош-Араван жолу да бар. Ал жерди окурман видеого тартып жөнөткөн.

Ош-Араван жолуна асфальт төшөлгөнүнө 10 күн болбой жатып, четинен оюла баштады. Эгерде мындай боло берсе, жазга жетпей жаңы асфальттын изи да калбайт. Мындай чала бүткөн иштерге жооп бере тургандар барбы?


Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.