Кыш мезгилинин босогосун аттабай жатып, айыл тургундары алгачкы кыйынчылыктарга туш болууда. Анткени быйыл кар Кыргызстандын айрым жерлерине эрте түшүп, жыйым-терими бүтө эле элет элин алдастатып салды.
Буга мисал катары бүгүнкү жааган карды айта алабыз. Аксы районунун Кашка-Суу айылында кардын калыңдыгы 15 см ге чейин жетип, электр чубалгылары үзүлүп, жарыгы жок калышты, Ал аз келгенсип, түйшүгү көп тургундар мөмө жемиши да толук жыйнаганга да үлгүрбөй калышкан.
Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.