Сооронбай Жээнбеков сот укук реформасын ишке ашыруу боюнча кеңешме өткөрдү
Новость Султан Досалиев

POST1RIGHT

Президент Сооронбай Жээнбеков сот укук реформасын ишке ашыруу боюнча эксперттик жумушчу топтун кеңешмесин өткөрдү. Жыйында 3 маселе талкууга алынды. 

Алар 2019-жылдын 1-январынан тарта ишке киргизиле турган 17 мыйзам жана 5 кодексти ишке ашырууга даярдык, сот, укук коргоо жана көзөмөл органдарынын кызматкерлерин окутуу, тажрыйба алмаштыруу маселелери, ошондой эле кылмыштардын жана бузуулардын бирдиктүү реестрин түзүү багытында жүргүзүлүп жаткан иш-аракеттерге көңүл бурулду. 

Кеңешмеде 2019-жылы жаңы мыйзамдар менен иштөөгө тиешелүү органдардын даярдыктары жетишсиз жана өз мөөнөтүнөн кеч жүргүзүлүп жатканы белгиленип, өлкө башчысы тиешелүү жетекчилер 1-декабрга чейин мамлекеттик мекемелерде аткарылып жаткан иштер боюнча отчет даярдасын деген талап койду.