Элдик репортер: Пионер айылынын чуңкур жолдору качан оңолот?
Новость

Соңку учурда коомчулукта жол маселеси боюнча бир топ билдирүүлөр келип жатат. Дал ушул эле маселе менен "Элдик репортер" рубрикасына билдирүү келген. Окурмандын айтымында,

Ысык-Көл облусундагы Аксы районуна караштуу Пионер айылынын эң көйгөйлүү маселелеринин бири жол. Жол абдан эле начар өңүл-дөңүл, таштак, видеодо көрүп тургандай чуңкурча пайда болду. Бул чуңурчалар тоскоолдуктарды жаратып жатат. Азыр күн кыскарып калды, балдар эртең менен окууга бара жатканда бул чуңурчага түшүп кетиши мүмкүн.

 Жергиликтүү тургундар бул маселелер боюнча шаар жетекчилиги чара көрөт деп үмүт кылууда.

Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.