Элдик репортер: Кызыл-Кыя айылындагы мектепте кадрлар жетишсиз
Новость KTRK/videograp

Жалал-Абад облусунун Ноокен районуна караштуу Кызыл-Кыя айылындагы №24 мектепте көп сабактан кадрлар жетишпейт. Учурда 260ка жакын окуучу окуган жерде чет тил, алгебра, география, физика, химия ж.б сабактардан мугалимдер жетишсиз. Мындай маалыматты аталган айылдын тургуну жөнөткөн.

Балдарыбыз ушундай шартта билим алууга аргасыз. Мектеп жетекчилиги деле бул маселе менен чуркап жүрөт. Бирок жакынкы учурда чечилчүүдөй эмес. 


Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.