Видео жөнөткөн автор "бул Герой деген жер, жер алдынан суу чыгат. Эч жерден башынан суу кирген жок, жерден чыккан эле суу",- дейт. Белгилүү болгондой, суу чыккан миң гектар жерге шалыдан башка эч нерсе өспөйт. Бирок жерден суу чыгып, жамгыр да жаагандыктан шал жыгылып, оруш да кыйын болгондугун автор билдирет. Бак-дарактар да суу шор болгондуктан кургап калган. Көйгөйдү чечүү үчүн 4 чакырым жерге сууну тартып кетүүчү чоң арык салыш керек,- экендиги айтылган.
Бул арыкты салууга жергиликтүү айыл өкмөттүн күчү жетпейт го деген пикирин билдирген автор, тиешелүү тараптардан жардам сурап кайрылат.