Таш-Көмүр шаарынын борбордук көчөлөрүнүн биринде такси унаалары токтоп турган жерди суу каптап, чоң көлчүккө айланган. Машиналар өткөн сайын көчөнүн четинде өтүп бараткан элдерге суу чачырап, ыңгайсыздыктарды жаратууда,- дейт автор. Видеодо айтылгандай, автор бул көйгөйдү чечип, шаар тургундарына ыңгайлуу шарттарды түзүп берүүнү Таш-Көмүр шаарынын мэри Рахматилла Асаналиевден сурайт.
Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.