Видеодо көрүп тургандай, унаалардын агымы көп өтүүчү бул аймакта жол белгилеринин жоктугу айдоочулар менен жөө адамдарга ыңгайсыздык жаратып жаткан учуру. Бул жолдон жаш балдар, мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар же ардагерлер өтүп кала турган болсо, алардын коопсуздугуна кепилдик жок.
Киргизия менен Садаева көчөсүнүн кесилишдеги жолдо эч кандай жол белгилери жок. Кооптуулук жаратып жатат. Себеби бул жолдон балдар өтүшөт. Кокус кырсык болуп кетсе ким жооп берет? Жол коопуздук кызматкерлери карап бир чара көрүшсө жакшы болот эле,- деп "Элдик репортер" рубрикасына кайрылган.
Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.