Элдик репортер: суу лотоктору сынып жок боло электе оңдоо керек
Новость

Бишкек шаарындагы Бакаев жана Айни көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан балдар ойноочу аянттын чет жагында жайгашкан суу агып өтүүчү лотоктордун бузулуп, баш аламан жатканын шаар тургуну видеого тартып, "Элдик репортер" рубрикасына жөнөткөн. Жаран Бишкек шаардык мэриясына кайрылып, лотоктор сынып жок болуп кете электе, оңдоп коюсун суранат.   


Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.