Нарын шаарынын тургуну "Элдик репортер" рубрикасына жолду тороп башаламан токтоп алган унааларга жана базардын астын унаа токточу жай кылып алгандарга нааразы болуп кайрылган. Анын айтымында,
Нарын шаарындагы базардын астында адамдар өтүүчү жолду тороп унааларын токтотуп алышат. Бул жерден коляска менен жана жөө жүргөн адамдар да өтө албайт. Милиция кызматкерлерине кайрылсак алардын колдорунан эч нерсе келбейт экен. Унаа токточу жай кылып алышкан. Ар бир унаадан акча алышат. Айтсак жаман сөздөр менен сөгүшөт. Чоңдор бир чара көрсө жакшы болмок, - дейт кайрылуусунда.
Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.