Балыкчы шаарындагы эски базардын тегерегинде дүкөндөр, жайма базарлардын сатуучулары, үйлөр да жолдун четине чейин чыгып кеткендиктен, жөө адамдар басууга тротуар жол калбай калган. Тасмада көрсөтүлгөндөй, жол четинде басууга мүмкүн болбогондуктан, адамдар машина өтүүчү чоң жолдун оң жагынан да, сол жагынан да тынбай өтө беришет. Мында жолдогу коопсуздук маселеси жаралууда, өткөндө баласы менен бир аялды машина сүзүп кете жаздады, - дейт видеонун автору.
Көйгөйдү жеринен тартып көрсөткөн жаран Балыкчы шаарынын мэриясынан базардын айланасындагы абалды көзөмөлдөп, элдер баса турган тротуар жолду жөн койсо деген пикирин билдирген.
Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.