Бишкекте дүйнөлүк тоо форуму башталды
Новость KTRK/videograp

Бишкекте өтүп жаткан дүйнөлүк тоо форуму айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы агенттиги эл аралык ири уюмдар менен биргеликте уюштурду. Форумдун ишине Борбор Азия мамлекеттеринен сырткары, Европа, Латын Америкасы, Африка контингентинин экологдору, илимпоздору, өкмөт өкүлдөрү катышып, Кыргызстандагы, жалпы эле Борбор Азия чөлкөмүндөгү экологиялык абал, климаттын өзгөрүшү, суу маселеси боюнча эксперттер ой бөлүшүүдө. Иш-чара 25-октябрда жыйынтыкталат.

“Форумдун жыйынтыгы менен дуйнө коомчулугуна кайрылуу жолдонот. Тоолорду, мөңгүлөрдү сактоо боюнча",- дейт Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы агенттигинин директору Абдыкалык Рустамов.