Шаардын ичине оор жүк ташыган унааларга чектөө киргизсе жакшы болот эле. Эптеп бүткөн көчөлөрдү булар талкалап бүтмөй болду,- деп окурман пикирин жөнөткөн.
Быйыл шаардын бир нече көчөлөрүндө оңдоо иштери жүргүзүлүп, бирок бүтпөй жатып нааразылык жагдайлар көп болгон. Биздин рубрикага дагы байма-бай асфальттын технологияга ылайык келбеген шартта төшөлүп жактандыгы жана башка кемчиликтер тууралуу бир нече кайрылуулар болгон. Учурда ушул көчөлөр аркылуу оор жүк ташыган унаалар көп каттайт. Чынында бир жагынан тыгынды көбөйтсө, экинчи жагынан жолдун эрте бузулушуна көмөкчү болот эмеспи.
Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.