АР ТАРАПТУУ ТАЛАНТ
АБ:ГҮЛ: “КТРКнын легендалары” рубрикасынын бүгүнкү чыгарылышында 90-жылдардагы көгүлтүр экрандын жылдызы жөнүндө айтып беребиз. Ал кыргыз журналистикасында ар тараптуу, кесипкөй адис катары таанылган, белгилүү тележурналист, обончу, аткаруучу Эркин Кайымов теледе 15 жыл эмгектенген. Ал учурунда “Ала-Тоо” маалымат көрсөтүүсүн, “Жетиген” жана “Кыргызстан жумалыгы” аналитикалык берүүсүн алып барган.
Коңур үндүү Эркин Кайымовдун ырга болгон шыгы балалыктан ойгонгон. Музыкалык билим алгандан соң, ал теле тармагынын бийиктиктерин багындырууну көздөп, Жалал-Абад облустук телерадиокомпаниясына жумушка орношот. Ал жерде "Музыка сахнасы” жана эл арасынан жашыруун таланттарды эл алдына чыгарган “Өнөр” берүүлөрүн негиздеген.
ЛАЙФ
((ЗА КАДРОМ)) Үнү тапталган, келбеттүү жана шыктуу адиске облустук телеканал тардык кылып, Кайымов дараметин сынап көрүү үчүн “Дикторлорду издейбиз” республикалык сынагына катышып көрүүнү чечет. Өзүн-өзү кассетага жаздырып алып, Бишкекке почта аркылуу салып жиберет. Эркин Кайымовдун идирегин байкаган комиссия мүчөлөрү аны дароо борборго чакырышат. Ошентип, ал өлкөнүн башкы каналында эмгектенип калат.
ЛАЙФ
((ЗА КАДРОМ)) Эркин Кайымов “Ала-Тоо” маалымат программасын алгач алып барган күндөн тарта эле, анын ысымы эл оозуна алынып кеткен.
СНХ: ЭРКИН КАЙЫМОВ Маданияттын мыкты кызматкери
((ЗА КАДРОМ)) Ал кыргыз журналистикасында ар тараптуу адис катары таанылган. Ал текст жазып, керек болсо көрсөтүүлөрдү өзү тартып кирчү дешет. Башкы каналдын ошол мезгилдеги жетекчилиги ага жөн гана маалыматтык программаларды гана эмес, аналитикалык көрсөтүүлөрдү да ишенип тапшырышкан.
СНХ: ЭРКИН КАЙЫМОВ Маданияттын мыкты кызматкери
((ЗА КАДРОМ)) Эркин Кайымов журналист гана эмес, обончу жана аткаруучу. Ал 70тен ашык обондуу ырларды жазган. Калың журттун жүрөгүнөн орун тапкан ырларынын бири - “Из калтыр бул дүйнөдө”. Анын бул чыгармасын Кыргыз Эл артисти Кыргызбай Осмонов аткарып жүрөт.
СНХ: КЫРГЫЗБАЙ ОСМОНОВ КРдин эл артисти