Кара-Кече көмүр кенинен күнүгө оор жүк ташыган унаалардын агымы үзүлбөйт. Мындай жагдай өзгөчө күз башталганда күчөйт эмеспи. Көмүр жүктөгөн унаалардын айынан Жумгал районундагы Чаек-Кочкор жолу талкаланып бүттү. Эгерде мындай көрүнүш улана берсе жакында адам басууга мүмкүн болбой калат. Ушундай жерлерди эмне үчүн административдик бийлик өкулдөрү эске алып, бир чара көрүшпөйт, - деген пикирин калтырган жергиликтүү тургун.
Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.