Элдик репортер: Калкты тейлөө кызматы качан оңолот?
Новость KTRK/videograp

Айыл жергесинде документ алуу жеңилдебей эле, кыйындап баратат.  Бир документ алуу үчүн 10 жерге барып кол койдурасың. Тиешелүү кызматкерлер да жумушуна жоопкерчиликтүү карабайт. Каалаган убакта келишет же жумуш убактысы бүтө электе кетип калышат. Мындай шартта иш алып баруу качан жөнгө салынат?- деген окурман Сузак районунун Барпы айылынан маалымдаган.

Барпы айылындагы Паспорттук-визалык жана каттоо иштер бөлүмчөсүнө саат 4кө жакын келишкенде, ал жердин иштөө графиги саат 18:00го чейин болгонуна карабастан, эч кандай эскертүү тактасы жок жабылып турган. 

Негизинен эле биздин рубрикага келген маалыматтарга таянып бүтүм чыгара турган болсок, Калкты жана жарандык актыларды каттоо кызматынын тейлөө иштерине нааразы болгон тургундар көп. Эртеден кечке кезек күтүп, документ алуу жагын кечеңдетип элди кыйнаган жагдайлар аталган мекемелерде күнүгө кездешет.


Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.