Элдик репортер: Оңдоо иштери башталган тротуардын курулушу 1,5 жылдан бери токтоп турат
Новость KTRK/videograp

POST1RIGHTОңдоо иштери башталып, орто жолдо калган жерлердин бири Талас районундагы Көк-Токой менен Жон-Арык айылындарынын жолундагы тротуар. Мындан 1,5 жыл мурун оңдоо иштери башталып, көп өтпөй эле токтоп калган.

Көп жери оңторулуп, жаңы эле куму менен топурагы дарбазага чейин төгүлгөн жерлер ошол бойдон калды. Мындай абалда турганыбызга 1,5 жылдын жүзу болсо да көнүл бурган адам болгон жок. Айла жок силердин рубрикага аркылуу тиешелүү бийлик өкүлдөрүнө кайрылууну туура көрдүк. Эмне себептеп токтоп калганын билбейбиз. Мүмкүн бөлүнгөн каражатты көнүмүш адатка салып жеп коюшкан? Орто жолдо калтыра турган болсо, баштабай эле коюшса болмок экен. Тургундар баса албай кыйналып жатабыз -деген нааразылыгын билдирет айыл тургуну.


Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.