POST1RIGHT
Бишкекте жаңы төрөлгөн ымыркайларды сатуу фактысы боюнча жети медицина кызматкерине айып коюлду. Бул тууралуу Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев маалымат жыйынында билдирди. «Алты киши тергөө абагында, бирөө үй камагында», — деп билдирген Кашкар Жунушалиев тергөө кызыкчылыгынан улам бул иш боюнча иликтөө бүткөндөн кийин толук маалымат берилерин айтты.
Маалыматка караганда, ымыркай сатууга байланыштуу жалпы төрт кылмыш иши козголду. Эске салсак, милиция Бишкектеги үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлорунун биринде иштеген гинекологдор бала сатуу боюнча шек саналып кармалганын 7-сентябрда жарыялаган. Окуя боюнча Кылмыш-жаза кодексинин бир нече беренелеринин негизинде кылмыш иши козголгон.