POST1RIGHT
Электр энергияга карызы бар болгон дээрлик 14 миң керектөөчүнүн жарыгы өчүрүлөт. Андыктан “Түндүк электр” ишканасы жарандарды карыздарын төлөөгө чакырат.
Билдирүүгө караганда, 30-октябрда төлөмдөрдү өз маалында жүргүзбөгөн Бишкектеги 7 миң 450 турмуш-тиричилик абонентинин электр камсыздоосу өчүрүлөт. Алардын карыздары 12 млн сомдон ашык каржыны түзгөн. Ал эми 31-октябрда 9 млн 800 миң сом карыз болгон дагы 6 миң 456 керектөөчүнүн жарыгы өчүрүлөт.
Ыңгайсыздыктарга кабылбаш үчүн эсеп-кысапты өз маалында жүргүзүп, төлөө тартибин сактоо сунушталат. “Түндүк электр” ишканасы Бишкек боюнча 255 миң 458 абонентти тейлейт, анын 239 миң 898и жеке жана 15 миң 560ы юридикалык жактар.