Орусиянын Новосибирск облусунан ата-энесинин камкордугунан ажыраган 4 наристе алынып келинди. Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинен маалымдагандай, балдар интернатка өткөрүлөт. Министрликтин кызматкерлери учурда аларды биологиялык үй-бүлөсү менен байланыштыруу боюнча иш алып барууда. Балдар ата-энесинин камкордугунан ар кандай себептерден улам ажыраган.
Негизги себеби, дайыма жашай турган жайы жана иштеген иши жоктугуна байланыштуу, энелери баш тартышкан. Министрликтин маалыматы боюнча, 2011-жылдан бери тыштан Кыргызстанга 89 бала алынып келинди.