Элдик репортер: Ош шаарында тазалыкка көңүл бурулбай жатат
Новость KTRK/videograp

Ош шаарынын Достук кичи районунун көчөлөрү таштанды талаасына айланууда. Мындай маалыматты аталган райондун тургуну жөнөткөн.

Таштанды алынбаганына 2 айдай болуп алды. Кечинде иттер тиштегилеп, көчөлөрдүн тамтыркайы чыгып жатат. Жаңы мэр ишке толук кирише элекпи же Тазалык ишканасы иштебей калганбы түшүнбөй калдык.


Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.