POST1RIGHT
Баткен шаарындагы Булак-Башы кварталында 600 кожолугу бар аймакта 3 суу түтүгү болсо, анын экөөнөн суу чыкпай калган. Бирөөсүнөн 2 саат гана суу чыгат. Анда кезек куткөндөрдүн саны үзүлбөйт. Кезекти кварталдагы балдар бакчасы да толуктайт.
Бул түтүктөн Булак-Башы кварталындагы 600дөй кожолук суу ичет. Мындай түтүктөн аймакта дагы экөө бар болгону менен учурда иштебей турат. Ал эми мындагы түтүктөн суу күнүнө эки саат гана чыккандыктан, айылдыктар кезектешип ушул куурга көз каранды.
Бул көйгөйдөн балдар бакчасындагы бөбөктөр да кедергисин тийгизүүдө. Анткени сууга кезек жетпей калган учурда, бакча суусуз калат дешет тарбиячылар.
Баткен калаасы 1999-жылы шаар макамын алганга чейин айыл денгээлинде гана болгондуктан, 60-жылдары курулган суу түтүктөр ошол кездеги калкка гана ылайыкташып курулган. Бүгүнкү күндө аймактагы суу тутуму эскилиги жетип, тынбай оңдоп түзөөдөн өтүп турат.
Европа өнүктүрүү банкы тарабынан 3 этап менен бериле турган 30 млн евро акча каражаты шаарга 24 саат бою таза суу жеткирүүгө мүмкүнчүлүк берет. Учурда бул долбоор жүрүп жаткандыгына байланыштуу, суунун төлөмү да 15%га кымбаттаган.
KTRK/videograp