Тогуз-Торо районунун Сары-булуң айылынан өткөн түндүк-түштүк жол курулушу учурда айрым турак үйлөрго кооптуулук жаратууда. Жардын ылдый жагында жол курулуп, боору эңшерилип жатса, анын үстү жагында үйлөр орун алган. Балдардын коопсуздугу деп үйдүн айланасына темирден торчолор гана жасалган. Жар улам жамгырдан кийин аккан сууга жээлип отуруп, үйлөргө жакындап калган.
Тез арада биздин маселебизди тийиштүү мекемелер колго алышсын деген өтүнүчүн билдирет аталган айыл тургундары.
Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.