Элдик репортер: Аялдаманы ээлеген жеңил автоунаалар
Новость KTRK/videograp

Борбор калаанын көпчүлүк аялдамаларын такси айдагандар же башка айдоочулар унаа токтотуучу жайга айландырып алышат. Анын айынан шаар тургундары коомдук транспортту күткөндө ыңгайсыздык жаралып, бирок  эч кандай чара көрүлбөй келет. Анткени бул жакынкы аралыктагы көрүнүш эмес.  

Андай жагдайлардын бири "Ош" базарынын жанындагы  Бейшеналиева көчөсүнүн Киев жана Чүй көчөлөрүнүн ортосундагы аялдамада орун алган. Бул жерге каалаган убакта унааларын токтотуп коюшат.


Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.