Токтогул районунун Кетмен-Төбө айыл өкмөтүнүн Кырк-Казык айылында мындан 2 жыл мурун бүткөн мектеп колдоонуга берилбей жатат. Себеби окуучулардын саны жетпейт.
Өзүбуздүн айылда жаңы курулган мектеп турса, 7 чакырым алыстыктагы коңшу айылга барып келип окуп жатышат. Кыш мезгилинде үйгө кечки 7-8дерде араң келишет. Ата-энелердин күнүгө баласын коштоп жүргөнгө шарты боло бербейт. Биздин кайрылбаган жерибиз калган жок. Бирок окуучулардын аздыгына шылтоолоп колдоонуга бербей жатышат.
Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.