Кыш мезгили эмес, жайдын айрым күндөрүндө карга оролгон Төө-Ашууда кыштын илеби келгенден бери каттоо кыйынчылыгы башталды. Октябрда түшкөн карда жайкы дөңгөлөктөр менен жүргөн унаалар тыгын жаратып, жүргүнчүлөр үчүн бир топ ыңгайсыздык жаратышкан.
Ал эми, кечээ 2-ноябрда болгон тыгынды жолчулардын кайдыгер мамилесинен көрүшөт.
Төө-Ашууда тазаланбаган жолдун айынан керелден кечке унаалар жылбай, тыгында калдык. Катуу суукта кайыккан кары адамдар менен чырылдап балдары ыйлаган энелердин айласы кетти. Мындай кайдыгерчиликке ким чара көрөт? Ар бир өткөн унаалардан түшкөн акча деле ушул ашуунун жолуна шарт түшкөнгө жетиштүү болмок. Бирок бизде качан салыктын акчасы туура багытта колдонулчу эле?
Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.