Элдик репортер: Адам боюна теңелген электр чубалгылары кооптуулук жаратууда
Новость KTRK/videograp

Сузак районунун Кызыл-Кыя айылына электр жарыгынын киргенине 40 жылга чамалап калды. Ошол мезгилден бери электр түркүктөрүнүн абалына көзөмөл болгон эмес. Учурда ийилип, чирип калган түркүктөгү зымдар адам боюна теңелип, айрым жерлеринде кооптуулук жаралууда. Быйылкы кышка туруштук бере алабы же араң турган түркүктөр кулап калабы,- деп кайрылган айласы түгөнгөн айыл тургундары.


Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.