"Элдик репортер" рубрикасына бул убакытка чейин жергиликтүү бийликке болгон карапайым калктын нааразычылыгын билдирген маалымдамаларды чыгарып келген болсок, бул ирээт Нарын шаарынын тургуну губернаторго болгон ыраазычылыгын айтып, шаар тургундарына нааразычылыгын билдирген видео материал жиберген.
"Арзандын тузу татыбайт" болуп былтыркы жылы губернатор балдарга оюн аянтчаларын куруп, шаан-шөкөт менен ачып берди эле. Күн чыгышы да, күн батышы да көп кабаттуу үйлөр. Ар бир квартирада жок дегенде бирден бала бар. Ошондуктан балдарыбыз жыргап эле калышкан. Бирок аз убакыт өтпөй эле сүйүнүчүбүздү таш капты. Улуу балдар буза башташты. Азыр темир селкинчек, тайгалануучу оюнчуктардын фундаменти да жок. Бир убакта гүлдөп калган оюн аянтчасы азыр бопбоз болгон эле томолой жер болуп калды. Эч ким карабайт, - деп жаны кейийт окурмандын.
Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.