Элдик репортер: Жол жээгинде чачылып жаткан медициналык калдыктар
Новость KTRK/videograp

Окурман Жалал-Абад шаарынын Биримдик кварталынын жолунун жээгинде чачылып жаткан медициналык калдыктарга күбө болгон. 

Жол жээгинде эле диализге колдонулган ийне түтүктөрү чачылып жатат. Мындай көрүнүшкө тийиштүү мекемелер тез арада чара көрүлбөсө, жергиликтүү тургундар үчүн ар кандай оорууларды жуктуруп алуу коркунучу турат. Бул жерде жаш балдар да көп ойнойт экен. 

Окурмандын айтуусунда бул калдыктар облустук ооруканага же жеке менчик Евродиализ клиникасына тийиштүү болуусу мүмкүн.



Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.