POST1RIGHTӨткөн жумада түшкөн кар, ашууларда калган айдоочулар үчүн бир топ кыйынчылык жараткан. Кум чачылып, тазаланбаган жолдун айынан бир нече ашууларда тыгын жаралып, ал эми оор жүк ташыган унаалар өйдө көздөй жыла албай калышкан.
Мындай кырдаал Кызарт ашуусунда да жаралып, жол четине карга тыгылган унааларга күбө болгондор биздин рубрикага видео жөнөтүшкөн.
Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.