Элдик репортер: Шайлоо алдында башталып, курулушу орто жолдо калган спорт зал
Новость KTRK/videograp

Ак-Талаа районунун Кош-Дөбө айылындагы Эргеш Мейманов атындагы орто мектептин спорт залынын курулушу шайлоо алдында  2015-жылы башталган эле. Бирок 3 жылдын ичинде кирпичи гана көтөрүлдү. Жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн айтымында мамлекеттен акча бөлүнбөй жатыптыр. Окуучулар кыш мезгилинде класстарга тыгылса, жылуу күндөрдө топурактын үстүндө чаңга оролуп ойноп жүрүшөт, - деп маалымат жөнөтүшкөн айыл тургундары. 

Бир эле биздин айылда эмес, канчалаган жерде курулушу токтоп турган имараттар бар. Улам бирин баштап, экинчисин таштабай, бир чекеден бүткөрүшсө жакшы болот эле деген пикирин калтырышкан.


Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.