Элдик репортер: кыш келбей жатып Ысык-Атада электр кубаттуулугу азая баштады
Новость KTRK/videograp

Кыш келе электе эле Ысык-Ата районунун Серафимовка айылынын тургуну электр жарыгынын кубаттуулугунун аздыгы боюнча видео материал жиберген. 

Электр кубаттуулугу абдан аз болуп, электр лампалары үлүңдөп, эптеп эле жарык берип атат. Электр плитасына чайнекти койгонубузга жарым саат болду. Дагы деле чай кайнай элек. Кытай электр плиталары кубаттулукту көрсөтөт да, карасак 160-163 эле болуп атат, - деп билдирет окурман.

160-163 гана вольт. Норма боюнча 220-240 болушу шарт. Ноябрдын башында эле ушундай жагдай болуп жатса кышында эмне кылат карапайым калк?

Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.