Өлкөдө азыркы учурда таштанды маселеси курч маселе бойдон калууда. "Элдик репортер" рубрикасына Кыргыз улуттук университетинин студенттери окуу жайдын астындагы тазаланбаган таштандыларды видеого тартып жөнөтүшкөн. Мындай көрүнүштү окуу жайдын астынан көрүп, чындыгында зээниң кейит экен. Алардын айтымында,
Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин 8 корпусунда журналистика факультетинин асты таштандыга толгон, туалеттин унитазтары да ыргытылбай турат, бир жума болду турганына. Ал эми таштанды төгүүчү жайдын жанында эле ашкана жайгашкан. Журналистика факультетин башка корпуска көчүрөбүз деп айтышкан эле, бирок ал сөздөрүн аткарган жок.
Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.