Бир апта ичинде 4 миң жол эрежесин бузуу фактысы катталды
Новость KTRK/videograp

POST1RIGHT

Бишкекте өткөн аптада дээрлик төрт миң ирет жол кыймылын бузуу фактысы катталды. Бул боюнча Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти. Анда мас абалында рулга отурган 58 айдоочу, жолдогу белгилерди сактабаганы үчүн 1 миң 325 айдоочуга айып салынган. 

Коопсуздук курун такпагандыгы үчүн — 644, телефонду колдонгондугу үчүн – 738, ал эми айдоочулук күбөлүгү жок айдагандыгы үчүн 58 адам кармалган. Ошондой эле 438 унаа атайын айып токтотуучу жайга киргизилди. Ал эми өлкө боюнча 15 миң 823 жол эрежесин бузуу аныкталган.