Элдик репортер: Кабель үчүн казылган көчөдөн баса албай калдык...
Новость KTRK/videograp

Жибек-Жолу менен кесилишкен Төрөкул Айтматов көчөсүн кабель үчүн казып кеткенден кийин басууга мүмкүн болбой калды. Айрыкча жамгырлуу күндөрдөн кийин кыйналабыз,- деп мэрияга кайрылат шаар тургуну.

Борбор калаанын бул көчөсү окурмандын айтуусунда быйылкы оңдоло турган көчөлөрдүн тизмесине кирген. Бирок оңдолмок тургай кайра казылып, ары-бери өткөндөрдү баткакка батырууда. Мурунку эски жолду эле жөн коюшса болмок.


Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.