Бүгүнкү күн шаар тургундары үчүн балбактап жааган кар менен башталганы аз келгенсип, борбордук көчөлөрдүн баарында жол тыгыны. Көптөгөн авто унааларда дагы деле жайкы дөнгөлөк каптама экенин көрүүгө болот.
Мамлекеттик транспорт кызматы канча эскерткендигине карабастан өз өмүрлөрүн гана эмес жолдо кетип бара жаткан адамдардын баарынын өмүрүнө коопсуздук жаратып жатышкандыгын аңдабаган айдоочуларга кандай чара көрүүгө болот?
