Элдик репортер: Жолдорду технологияга туура келбеген шартта оңдоп жатышат
Новость KTRK/videograp

Жамгырдан кийинки ылайланган жерге асфальт төшөлгөнү турат. Мындай нерсе технологияга туура келеби? Ылай, айрым жерлерге суу толгон жолду ушундай оңдоп жатышат. Эртең шашылыш курулган жолдордун сапаты кандай болот? Совет убагында курулган жолдор жарым кылымдап турса, азыркы учурда бүтпөй жатып четинен бузулуп жатканын көп угуп жатабыз. Ошондой нерсе биздин дагы  айылда болуп жаткандай, - мындай маалыматы менен Ноокен районунун Тоскол токой чарбасынын Кара-Булак участкасынын тургуну бөлүшкөн.


Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.