Борбор калаанын бир нече көчөлөрүндөгү тротуарлар жөө адамдар үчүн эмес, жеке ишкерлердин менчик жерине айланып калган. Мыйзамсыз түшкөн соода жайлары менен мэриянын тийиштүү тараптары күрөшүүгө аракет кылганы менен көпчүлүк ишмердүүлүгүн улантып эле келет.
Айрыкча жол жээгине түшкөн унаа токтотуучу жана жуучу жайлардын айынан тротуар менен басууга мүмкүн эмес.
Бах көчөсү менен Ахунбаев көчөлөрүнүн кесилишинде да ушундай жагдай бар. Тротуарга токтоп унаасын жуудуруп же оңдотуп жаткандардын айынан, унаалардын агымы үзүлбөгөн жолго чыгып айланып өтүүгө туура келет. Мэрия ушундай жайларды качан тартипке келтирет?- дейт нааразы болгон шаар тургуну.
Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.