Ноокат районунун Үч-Бай айылындагы аккан дарыянын суусуна таштандылар төгүлүүдө. Таштанды төкчү жайга айланган жерден күнүгө ондогон айыл тургундары менен бирге мектеп окуучулары дагы өтөт. Ал эми ушул дарыянын ылдый жагында жайгашкан бир нече айыл тургундары аны таза суу катары колдонушат.
Таштандыны төккөндөргө карата жергиликтүү бийлик чара көрсө жакшы болот эле. Анткени бул сууну колдонгондордун арасында ар кандай ич оорулар көбөйдү,- деп маалымат жөнөткөн айыл тургуну.
Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.