Элдик репортер: Ак-Суунун жолундагы селден улам унаа каттамы бир нече күнгө токтоп калат
Новость KTRK/videograp

Жол азабын тарткандардын арасында Аксы районунун Ак-суу айылынын тургундары да бар. Жергеликтүү тургундардын маалыматында Ак-суу - Майлуу-Сай жолунун  аралыгы 30 чакырымды түзөт. 50 жылдан бери эч кандай ондоо иштери болбогон жолдун 3 чакырымдай жерине жаан жаааганда сел жүрүп турат. 

Анын айынан ортодо унаа каттамы токтоп калат. Биздин ушундай абалыбызды дагы бийликтегилер эске алып коюшса деген үмүт менен кайрылуу жөнөтүшкөн жергиликтүү тургундар.


Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.