Элдик репортер: Катуу суукта конуш тургундарын сааттап күттүргөн маршруттук унаалар
Новость KTRK/videograp

Борбор калаанын Мурас-Ордо конушуна бир гана №206 маршруттук унаа каттайт. Жалгыз каттам болгонго айдоочулар каалаганын кылышат. Атайын белгиленген каттоо убактысы жок. Айрыкча ушул жумадагы суук күндөрдө конуш тургундарын сааттап күттүрүп жатышат.

Таң атпай жаш балалуулар, мектепке шашкан окуучулар, жумуштан кечиккендер зарыгып күтүп турабыз. Мындай көңүл кош, кайдыгер мамилеге кандайдыр бир чара көрсө болобу? Же жеке менчик деп эле каалаганын кыла беришеби? Болбосо мэрия маршруттук унаалардын каттамын токтотуп, бизге автобус эле киргизип берсин.


Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.