Борбор калаанын Ак-Ордо конушундагы коомдук унаа маселеси жыл өткөн сайын көйгөйлүү маселеге айланууда. Анткени, Гагарин көчөсүнүн аягына чейин бир гана №222 маршруттук унаа каттайт. Анысы аз келгенип, саны дагы аз. Өзгөчө кыш мезгилинде аралыгы сааттап созулуп жок болуп кетишет. Мындай нааразылыктары менен аталган конуштун тургундары кайрылышкан.
Катуу суук башталгандан булардын оорусу кармады. Же ишин көзөмөлдөгөн адам жок. Элди дайыма тыгып алып жүргөнгө көнүп алган айдоочулар ызылдап башка кошумча унаалар киргенге каршы экен. Жылдан жылга бул жердин аянты кеңейип, элдин саны өсүп жатканына карабай, ошол эле бир маршруттук унаанын көзүн карап жүрөбүз. Бул маселебизди мэриянын тийиштүү бөлүмдөрүнө да жеткирүүгө аракет кылып келебиз. Бирок жыйынтык жок.
Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.