Ошто милиция менен калктын ортосундагы кызматташууну бекемдөөгө багытталган семинар болуп өттү. Ага укук коргоо органдарынын өкүлдөрү, эксперттер жана жергиликтүү бийлик башчылары катышты. Анда социалдык кызматташууга багытталган бир катар долбоорлор сунушталды. Максаты - коомдук коопсуздуктун алдын-алууда жергиликтүү элдин ролун көрсөтүү.
Азыркы тапта республика боюнча 550 коомдук алдын-алуу борбору иштейт. Мунун 91и Ош облусунда, 13ү Ош шаарында ачылган. Бул борбор аймактык милиция кызматкерлери, аксакалдар соту, жаштар иштери боюнча башкармалыгы жана аялдар кенеши менен биргелешип жалпы элге кызмат көрсөтөт.