Элдик репортер: Базар-Коргондун 100 жылдык мааракесинен кийин тазаланбаган таштандылар
Новость KTRK/videograp

Базар-Коргон районундагы Асылбек Текебаев атындагы көчөдө тазаланбай жаткан мүшөк-мүшөк таштандыларды автор видеого тартып "Элдик репортерго" жөнөткөн. 

"Базар -Коргон районунун 100 жылдык мааракеси белгиленген соң, тиешелүү кызматтар аймакты ар кандай таштандылардан тазаладык деп маалымат беришкен. Бирок, тазаланган көчөнүн абалы ушундай, акыр-чикирлер чыгарылбай турат. Бул көрүнүштү көзөмөлдөгөн эч ким жок, акимиат да карабайт",- деп нааразычылыгын билдирди автор.

Эскерте кетсек, ушул жылдын 2- ноябрь күнү, Базар-Коргон районунун 100 жылдык мааракеси белгиленген. Мааракеге Жогорку Кеңештин, өкмөттүн өкүлдөрү, областагы райондук администрациялардын башчылары – акимдер, шаар мэрлери, мекеме – ишканалардын жетекчилери, Базар – Коргон районундагы айыл аймактардын башчылары жана тургундары катышышкан.