Элдик репортер: Шаар тургундары көчөлөргө үйүнөн туз алып чыгып чачып жатышат
Новость KTRK/videograp

Кар жаап, катуу суук түшкөндөн бери Бишкек шаарынын көчөлөрүнө тонналап кум, туз чачылып жатканы менен айрым жерлерде абал кооптуу бойдон калууда. 

Мисалга, Ак-Өргөнүн Алымкулов менен Ахунбаев көчөлөрүнүн кесилишинде кечээ түшкө чейин эле 3 жол кырсыгы катталган. 

Элдин коопсуздугуна ойлоп, санаага баткан жолдошум мэриядан үмүтү үзүлгөндө үйдөгү тузду алып чыгып көчөгө чачып жатат. Анткени кайра-кайра жол кырсыктарына күбө боло берсең да жүрөк ооруйт экен.


Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.