Өмүрү өрнөк инсан - Сатыбалды Жээнбеков
Новость www

Кыргыз телерадиосунун өнүгүшүнө зор салымын кошуп, чындык үчүн күрөшкөн Сатыбалды Жээнбеков. 

POST1RIGHT

Совет мамлекетинин ураарын алдын ала сезген өлкөбүздүн эгемендүү болушуна салым кошуп, ага чындап кубанган инсандардын бири дал ушул Сатыбалды Жээнбеков. 

Ал чындыкты туу тутуп, өмүрүнүн акырына чейин акыйкаттык үчүн күрөшүп элдин камын ойлогон ак ниет адам катары элдин эсинде.

POST2LEFT

Өлкөбүз көз карандысыздыкка ээ болгон кезде Сатыбалды Жээнбеков эгемендүү Кыргызстандын Улуттук телевидениесинин биринчи жетекчиси болду. 

Анын келиши менен мурдагы Мамлекеттик телерадио комитети Улуттук телерадио компаниясы болуп макамы өзгөрүп, жаңы багыттагы иш башталган.

Талантуу адам бардык жагынан талантуу болот. Сатыбалды Жээнбеков оргуштаган таланттын ээси болчу. 

Анын “Сен мени ойлойсуңбу” аттуу ыры азыр да элдин оозунда кеңири ырдалып жүрөт.