Башка жер оңолсо да Ош базары оңолбос болду. Базарга киргенден чыкканга чейин башаламандык өкүм сүрөт. Бул убакытка чейин антисанитардык жагдай жөнүндө бир нече жолу, радиоузелдин жаңырган үнү базардан да чыгып бир канча алыс жашаган шаар тургундарына тынчтык бербей жаткандыгы тууралуу жазганбыз.
Бул ирет окурман авто унаа тыгыны тууралуу маалымдама жиберген. Саатуучуларбы же кардарларбы айтор жол жээгинде кыдырата тизилген авто унаалардан улам базардын Киев көчөсүндө карыш жыла албай турган авто унааларды көрүүгө болот видеодон.
Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.