Акыркы убакта Токтогул шаарынын тазалыгына көп көңүл бурулбай калды. Бир жерде үйүлүп таштанды жатса, дагы бир жеринде тазаланбай жалбырактар чачылып турат. Ал эми шаардын борбордун аянтын түнкүсүн жылкылардын тобу аралап кетет. Күндүзү аттардын тезектери көрүнгөн жерде жатканына күбө болобуз. Болбосо бул жердин жанында акимиат бар. Алар деле шаардын тазалыгына көңүл бурушар эмес.
Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.