Жашыл климаттык фонд Кыргызстанга грант катары 10 млн. доллар бөлөт. Бул тууралуу Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттиги билдирди.
Мекеменин маалыматында алынган каражат гидрометорологиялык кызматтын ишин жана элдин азык-түлүгү менен тамактануусун жакшыртууга жумшалат. Бул долбоорду ишке ашыруу үчүн Баткен, Ош жана Нарын облустары тандалып алынганы белгилүү болду.
Кененирээк маалыматты төмөндөгү аудиодон уксаңыздар болот. Мындан тышкары ktrk.kg сайты аркылуу онлайн түрүндө уга аласыздар.
Алина Абасова, "Биринчи радио"